Саламаттык сактоо министри тогуз медколлежди жабуу тууралуу буйрукка кол койду

21.04.2022 | 09:24

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев студенттерге практикага шарт түзүлбөгөндүктөн жеке медициналык колледждерди жабуу боюнча буйрукка кол койду.

Колледждердин тизмеси:

-Ош облустук медициналык колледжи;

-К.Шоктомаматов атындагы МУУнун Эл аралык медициналык колледжи;

-«Авиценна Билим» медициналык колледжи;

-Н. Пирогов атындагы медициналык колледж;

-«Уникум» Кыргыз медициналык-социалдык колледжи;

-Ысык-Көл медицина жана стоматология колледжи;

-Кочкор-Ата аймактык колледжи;

-ИСИТО медициналык колледжи;

-Араван колледжи “Дүлдүл Тоо”;

-С.Тентишев атындагы АзМИнин медициналык колледжи;

-МУНИБ медициналык колледжи;

-Медицина жана Фармация колледжи.

Тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин Кадрлар жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысына Билим берүү министрлигине билдирүү тапшырылды.

Scroll to Top