26-апрель күнү «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын директорлор кеңешинин курамы тарабынан компаниянын башкармалыгынын курамы шайланды. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, «МЭА» ААКнын башкармалыгынын төрагасы, башкы директору болуп Бакыт Шаршеев кайрадан шайланды
Ошондой эле, башкармалыктын мүчөлөрү шайланды. Алар: Адилет Малдыбаев, Абдумалик Бусурманкулов, Данияр Кысанов жана Бахтияр Турсунбаев.