Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Ошто ВИЧ инфекциясын жуктурган 8 балага турак жай берилди
30.04.2022 | 16:51
Ош шаарынын мэриясы жашы жете элек ВИЧ инфекциясын жуктурган 8 балага турак жай берди, экөөнө турак жай куруу үчүн жер берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын прокуратурасы билдирди.
Прокуратура ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган балдардын укуктарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүздү.
Жашы жете элек балдарды камсыз кылуу максатында Ош шаарынын мэрине прокурордун сунушу киргизилген.
Аны Ош шаарынын мэриясында кароонун жыйынтыгында токтом чыгып, ага ылайык ВИЧ инфекциясын жуктурган 8 бала турак жайга ээ болушту.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом