Согуш ардагерлерине президенттин атынан Орозо айтка карата белектер тапшырылды — сүрөт

Согуш ардагерлерине президенттин атынан Орозо айтка карата белектер тапшырылды — сүрөт

Кечээ, 29-апрелде Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине президент Садыр Жапаровдун атынан ыйык Орозо айт майрамына карата белектер тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, вице-мэр Венера Рыскулова ардагерлердин үйүнө барып, Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Белектер Салахидин Тохтабаевге (97 жашта), Анна Тягуновага (99 жашта), Самибай Артыковго (101 жашта), Касымбай Жолдошевге (97 жашта) тапшырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>