Башка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — Кулов
Кыргызстандын үч жараны өзбек чек арачыларынын огунан каза болду
06.05.2022 | 10:06
5-майда өзбек чек арачылары Кыргызстандын үч жаранына курал колдонушкан. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Окуя Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Актам айыл өкмөтүнө караштуу Дөбө-Коргон участкасында болгон. Үч кыргызстандык октон жаракат алып, Ала-Бука районундагы ооруканага жеткирилди. Ошол жерден алар эсине келбей каза болушкан.
«Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгында жолугушууну 6-майда улантууну макулдашты. Аталган факты боюнча тергөө амалдары башталды», – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом