Башка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — Кулов
Президент көп балалуу энелерди сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду
14.05.2022 | 13:02
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Кыргызстандагы көп балалуу энелер «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 12-беренелерине ылайык, «Баатыр эне» ордени менен жети жана андан ашык баласы бар жана аларды толук тарбиялаган 921 аял сыйланды. Ал эми «Эне даңкы» медалы менен алты баласы бар жана толук тарбиялап жаткан 664 аял сыйланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом