Кыргызстанда климаттык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзам сунушталдыБишкектин батыш бөлүгүндө 7-апрелде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт: аймактардын тизмесиАдылбек Касымалиев дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктадыЭдил Байсалов Бүткүл дүйнөлүк этноспорт союзунун башчысы менен жолугушту — анда эмнелер талкууландыЭл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар деген шек менен жаран кармалдыБеларуста нацисттердин курмандыктары көмүлгөн мурда белгисиз 166 жай табылды
Бишкектеги жол кырсыктан 11 киши жараат алды
17.05.2022 | 09:24
Бишкек шаарынын Иса Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде “DАF” үлгүсүндө оор жүк ташуучу унаа, “Honda Fit” жана “Mercedes-Benz Sprinter” жүргүнчү ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 11 киши (3 эркек, 8 аял) аркандай жаракат алышкан. Аты-жөндөрү такталууда. Жерине 6 куткаруучу тартылып Honda Fit үлгүсүндө кыпчылып калган аялды унаадан чыгарып, калгандарына алгачкы жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар