Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Сүйүнчү! Ошто төрт эм төрөлдү
17.05.2022 | 10:35
Ошто төрт эм төрөлдү. Бул тууралуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Фейсбук баракчасында билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын тарыхында биринчи жолу төрт эм төрөлдү. 32 жаштагы эне кесарево жолу менен эки уул, эки кызды жарык дүйнөгө алып келген. Жаш үй-бүлөдө азыр алты бала бар.
«Төрөткө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнөн акушер-гинекологдор, неонатологдор, реаниматологдор жана башка медициналык кызматкерлерден турган бир нече дарыгерлер бригадасы катышты – бардыгы болуп 14кө жакын адам. Эне менен ымыркайлардын абалы жакшы, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Эне ымыркайлары менен ооруканадан чыгууга камданып жатат», – деди мекеменин жетекчиси Талант Арстанкулов.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом