Абыкеев: Курултай институту эл менен бийликке “көпүрө” болот

Абыкеев: Курултай институту эл менен бийликке “көпүрө” болот

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитети Курултай боюнча мыйзам долбоорун карап жатат. Ал жыйында Курултай боюнча жумушчу топтун жетекчиси Чолпонбек Абыкеев мыйзамдын негизги максатын айтып берди.

“Байыртадан келе жаткан эл менен бийликтин ортосундагы мамилени түзүп турган көпүрө. Анткени, эл менен бийликтин ортосунда ар кандай мамиле чыгып калганда, Курултай чогулуп курултайдамаселелерин чечип алышкан. Бул кыргыздар үчүн жаңы нерсе эмес, байыртадан ата-бабабыздан келе жаткан нерсе. Болгону аны кийинки убакытта унутуп койгонбуз. Ушуну жаңыртып бүгүнкү күндүн, учурдун талабына ылайыкташтырып, мыйзам талаасынын талабына кайрадан иштеп чыгып, кайрадан киргизели, эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп берсин, эл мене бийликтин ортосундагы ажырым болбосун, ошол ажырымды жоёлу деген максатта ушул мыйзам иштелип чыкты”— деди Абыкеев.

Аталган мыйзам долбоорун түзүү боюнча атайын жумушчу топко 11 киши мүчө болгон. Башмыйзамга да кирген. Президент Садыр Жапаров демилгелеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>