Жаз: 1-мартка карата аба ырайыИранда кыздар мектебине жасалган авиасоккудан 40тай киши каза болгону айтылуудаТегеранды каптаган «Каардуу айкырык»Иран Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку урдуКыргызстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна тынсыздануусун билдирдиАР: Йемендик хуситтер Израилге каршы чабуулдарын кайра жандантат
Чуулгандуу мыйзам долбоору ЖК сайтынан алынып салынды
24.05.2022 | 19:11
Саясий жана административдик кызматтарды ээлеген кызмат адамдарынын эмгек өргүүсүн узартуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтынан алынып салынды.

Буга чейин документтин жалгыз автору катары көрсөтүлгөн депутат Жусупбек Коргонбай уулу ага эч кандай тиешеси жок экенин, чуулгандуу демилгени демилгелебегенин айтып чыккан болчу.
Белгилей кетсек, сунушталып жаткан долбоордо, атап айтканда, кызмат адамдарынын негизги эмгек өргүүсүнүн көлөмүн жогорулатуу айтылган. Эми алар 28 күндөн ашык эс ала алышат.
“Чиновниктерди камчылап иштетүү керек”: Депутат эмгек өргүүнү узартууга каршы
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар