“Чиновниктерди камчылап иштетүү керек”: Депутат эмгек өргүүнү узартууга каршы

“Чиновниктерди камчылап иштетүү керек”: Депутат эмгек өргүүнү узартууга каршы

Бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу чиновниктердин эмгек өргүүсүн узартуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштабагынын билдирди.

Анын айтымында, ал мурдагы күнү Санкт-Петербургдан келген.

Мени мамлекеттик кызматкерлердин эмгек өргүүсүн узартып, көбүрөөк эс алсын деген мыйзам долбоорун сунуштап жатат деген маалыматтар чыкты. Мен бул боюнча мыйзам долбоор киргизген эмесмин. Ал кандай болуп калганын Жогорку Кеңештин Аппараты менен териштиребиз. Мүмкүн юристтер адашып башка документке кол койдуруп алып, берип жиберишпесе эле, аны дагы тактайбыз”, — деди депутат.

Ошондой эле, ал эмгек өргүүнү узартууга каршы экенин айтып: “Шайлоодо мен чиновниктерди камчылап иштетүү керек деп айткам. Азыр керебетти (раскладушка) иш бөлмөгө алып барып, ошол жерге жатып алып иштей турган убакыт келди”, — деп белгиледи.

Тэги: депутат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>