Экс-президент Алмазбек Атамбаев кардиологиялык борборго алынып келинди. Бул тууралуу мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, соттор Атамбаевдин адвокатынын дарылануу өтүнүчүн канааттандырган.
«Алар Алмаз Атамбаевди мамлекеттик өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары конвойдун коштоосу дана бир нече унаасы менен алып келишти. Анын чачтары агарып, карып , бирок сынбай палатага кирип кетти», — деп жазган ал.