Эсептөө палатасынын аудитору кызматына сунушталгандар кирешесин жана мүлкүн аташты

Эсептөө палатасынын аудитору кызматына сунушталгандар кирешесин жана мүлкүн аташты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 25-майдагы парламенттин жыйынында Эсептөө палатасынын аудитору кызматына сунушталып жаткан талапкерлерден 2021-жылга карата тапшырган деклорацияларын жана бир жылдык кирешесин сурады.

Депутаттын айтымында, талапкерлер кызматка келип жатканда жана кетип жатканда кандай мүлккө ээ болгонун эл билиши керек.

Жыйында “Элдик” депутаттык тобу тарабынан сунушталган талапкер Пардаали Батиров билдиргендей, анын 2021-жылдагы кирешеси 896 миң сомду түзгөн. Батир жана унаасы ага катталган.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан талапкер Улан Сатимбаев өткөн жылы декларация тапшырбаганын билдирди.

«Ата Журт Кыргызстан» фракциясы сунуштаган талапкер Азамат Раматалиевдин айтымында, анын 2021-жылга карата кирешеси 350 миң сомду түзгөн. “Унаам жана батирим жок”, — деди ал.

“Ынтымак” фракциясынан талапкер Вадим Садовников бир жылдык кирешеси 1 миллион сомду түзгөнүн айтты. “Унаам бар. Батирди ипотекага алгам, насыясын төлөйм. Айлык маянага жашайм”, — деди.

«Ишеним» фракциясынан талапкер Адамбек Туркбаев билдиргендей, анын 2021-жылга карата маянасы 981 миң сомду түзгөн. Мындан тышкары дыйканчылык менен алектенет жана андан 500 миң сом киреше түшкөн.

Президент тарабынан сунушталган талапкерлер Бадахшан Рыскулиев жана Уран Жумагулов бир жылда 850 миң сом табышкан. “Дачам, төрт бөлмөлүү батирим  жана унаам бар”, — деди Жумагулов.

Жогорку Кеңеш сунушталып жаткан 8 талапкердин ичинен 5 талапкерди Эсептөө палатасынын аудитору кызматына колдоп бериши керек.Алты айдан кийин жаңы мыйзамга ылайык аудиторлор кайра шайланмакчы.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>