Жактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдөКыргызстанга 31 млн сомдон ашык суммадагы БАДдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуАуэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулатКыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилди
ЕАЭБ: Кыргызстан айыл чарба продукциясын өндүрүүдө алдыга озду
27.05.2022 | 22:13
Кыргызстан айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алдыда. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык биримдиктин негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча документте айтылды.
Көрсөткүчтөр 2022-жылдын январь-март айлары үчүн өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алынган.
Алсак, ушул жылдын биринчи кварталында өткөн жылга салыштырмалуу Кыргызстанда айыл чарба өндүрүшүнүн өсүшү 2,3%ды түзсө, андан кийин Орусияда – 1,9%га жана Казакстанда – 1,8%га өсүш байкалууда.
Айыл чарба өндүрүшү Беларуста (-0,6%) жана Арменияда (-0,8%) төмөндөдү.
Белгилеп кетсек, 2021-жылдын ушул эле чейрегинде 2020-жылдын ушул мезгилинен айырмаланып, Казакстан биринчиликке ээ болгон – 2,8% өскөн. Кыргызстан экинчи (1,7%га) болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика