Төрөбаев: Өлкөдө кумшекердин кору жетиштүү

Төрөбаев: Өлкөдө кумшекердин кору жетиштүү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев соода аянттарында кумшекердин убактылуу жетишсиздигине жана анын баасынын жогорулашына байланыштуу “Кайыңды-Кант” заводунда болду. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, заводду чийки зат менен камсыздоого байланышкан маселелерден улам өндүрүш бир нече күнгө токтоп турган. Республикага кант камышынын сырьёсун жеткирүү азыртадан эле башталды. Учурда завод ишин жандантты, ишкана өлкөнүн соода тармактарына суткасына 550 тонна кумшекер жөнөтөт.

Буга чейин рынокту кант менен толтуруу жана ата мекендик заводдордун өндүрүштүк кубаттуулуктарын пайдалануу максатында министрлер кабинети республикага 105 миң тонна бажы алымсыз кумшекерди жана чийки кантты жеткирүүгө квота бөлүү маселесин иштеп чыккан. Айыл чарба министрлиги квотаны төмөнкүдөй бөлүштүрдү: 49 миң тонна чийки кант жеткирүү ата мекендик кант заводдоруна бөлүнгөн. Чийки зат Бразилиядан кымбат баада сатылып алынгандыктан сатуу баасына таасирин тийгизди. Калган көлөмү Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен жеке ишканалардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Жеткирип берүү боюнча келишимдер түзүлөт. Кумшекер республикага келет.
Экономика жана соода министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаковдун айтымында, кант заводдору менен ири соода түйүндөрүнүн ортосунда кумшекерди сатуу боюнча келишим түзүлдү. Ага ылайык акция менен бир кишиге суткасына жеңилдетилген чекене баады 1 кг кумшекер 79 сомдон сатылат. Ал эми 1 кг ашык сатып алууга 85 сомдон баа коюлган.

Бакыт Төрөбаев тиешелүү ведомстволорго өлкөнүн соода аянтчаларындагы кумшекердин баасын көзөмөлдөөнү, ошондой эле чийки затты өз убагында камсыздоону тапшырды. Мындан тышкары, кумшекерди өлкөнүн чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизүү маселесин кароо боюнча тапшырмалар берилди.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>