2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында өткөн Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Биринчи таймдын 16-мүнөтүндө тажик футболчусу Жахонгир Эргашев гол киргизип, эсепти ачты. Биринчи тайм 1:0 эсеби менен аяктады.
Экинчи таймдагы 83-мүнөттө бурчтан берилген топту Козубаев дарбазага таамай тээп, эсеп сандарын теңеди.
Оюн бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо болуп өттү.