Садыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйрудуКыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулат
Алымкадыр Бейшеналиев СИЗОго камакка алынды
03.06.2022 | 10:11
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Белгиленгендей, өлкөнүн башкы көзөмөл органынын тергөөчүлөрү Бейшеналиевге бир нече кылмыш иштери боюнча – коррупция, пара талап кылуу (эки эпизод), кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана атайылап пайдасыз келишим түзүү (төрт эпизод) боюнча айыптоодо.
Бейшеналиевге айып тагылгандан кийин сот анын баш коргоо чарасы тандалганга чейин 48 саатка УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар