Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы 2022-жылы жаштар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында 8 медаль утту. Бишкекте 23 жашка чейинки спортчулар арасында турнир өттү.
Биринчи орунда Индиянын кыз-келиндер командасы, экинчи орунда Кыргызстандын командасы, үчүнчүдө Казакстандын курама командалары.
Кыргызстандыктар 2 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медалга ээ болушту:
1-орун — Айпери Медет кызы (76 кг);
1-орун — Мээрим Жуманазарова (68 кг);
2-орун — Нурзат Нуртаева (72 кг);
2-орун — Дильназ Сазанова (60 кг);
2-орун — Бермет Нуридин кызы (62 кг);
3-орун — Арууке Кадырбек кызы (55 кг);
3-орун — Калмира Билимбекова (57 кг);
3-орун — Сезим Жуманазарова (59 кг).