Чек арадан дары-дармек киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды

Чек арадан дары-дармек киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыргызстандын аймагына дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өтүү каналы аныкталды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, УКМК аткезчилик фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын алкагында, ушул жылдын 26-июнунда  “Чоң-Капка унаа жол” контролдук өткөрүү пунктунда дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылуу учурунда Кыргызстандын А.Б.А., аттуу жаранынын башкаруусунда “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа кармалды.

Унааны текшерүү учурунда, үй буюмдарынын астына катылган 28 даана кутуча дары-дармектер табылган. Ошол эле учурда бул товардын түрүнө тиешелүү документтери жок болуп, дары-дармектерди ташуудагы милдеттүү шарттар аткарылган эмес.

Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдарды жана милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>