Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөтБишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды
Аты келип, өзү жок. Ат-Башыда малга кеткен киши дайынсыз болууда
29.06.2022 | 15:54
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ, 28-июнда Ат-Башы районуна караштуу Өзгөрүш айыл аймагына тиешелүү Жаңы-Жер жайлоосунун Кичи-Каманды тилкесине 1972-жылы туулган И.К. аттуу жаран мал издеп кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ал адамдын аты үйүнө келип, өзү табылбай жаткандыгы тууралуу маалыматты кошунасы билдирген.
Мындан улам жерине Ат-Башы райондук №45 ӨКБдан 5 куткаруучу издөө иштерине чыгып кетишкен. Бүгүн буга кошумча саат 11:00до 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 5 адам тартылган.
Учурда издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом