Көчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү22-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
“Радуга” пансионатында мушташкан 18 адам милицияга жеткирилди
29.06.2022 | 15:14
Ысык-Көл районундагы “Радуга” пансионатындагы мушташ тартылган видео боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.
Облустук милициянын маалыматына караганда, 29-июнда саат 12:50лөр чамасында “102” кызматына Сары-Ой айылындагы “Радуга” пансионатында мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлери жеринде окуянын келип чыгышын аныктоодо.
Мушкашка катышкан 18 жаран Ысык-Көл райондук милициясына алып келинип, алгачкы тергөө амалдары жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом