Арслан Койчиев кыргыз тараптан Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, буга чейин президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде КРнын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен Койчиев Арслан Капайович башка ишке өткөндөгүнө байланыштуу, Кыргызстандын президентинин кеңешчиси кызматынан бошотулган.