Алматыда Борбор Азия өлкөлөрү айлампа экономика маселелери боюнча жыйын өткөрдүСигэру Исиба башында турган жапон өкмөтү бийликтен кеттиСокулукта энесине зомбулук көрсөткөн жаран кармалдыАлдамчылыкка шектелген адвокат кармалдыЖалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу алдамчылыкка шектелип кармалдыБУУ Кыргызстанды өлүм жазасын кайтарбоого чакырды
Президент мамкызматкерлердин маянасы көтөрүлөрүн айтты
30.06.2022 | 11:42
Бардык мамлекеттик кызматкерлердин маянасы көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлдү.
“Эми бардык тармактагы мамлекеттик кызматкерлердин маянасын ушул жылдын 1-августунан тарта көтөрөбүз деген пландарыбыз бар”, – деди ал.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көбөйтүү багытына өкмөт 9,6 миллиард сом даярдап жатканын айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом