Кыргызстанда беш жылда чекене соодадагы базарлардын үлүшү 38%дан 33%га чейин төмөндөдүЭр-Рияддын аэропортуна кол салуу: 12 адам каза болуп, 309у жаракат алдыКыргызстандын башчысы өлкөнүн түштүгүнө эки күндүк сапар менен барат — Аскат АлагөзовТаттуу түшүм: Кыргызстанда 650 миң тонна кызылча жыйноо пландалуудаТрамп: Украинага жаңы лидер шайлоого убакыт келди — АКШ президенти дагы эмнелерди айттыКазакстанда кыргызстандык аялдан 35,1 млн сомдук алтын алынды — чоо-жайы
Президент мамкызматкерлердин маянасы көтөрүлөрүн айтты
30.06.2022 | 11:42
Бардык мамлекеттик кызматкерлердин маянасы көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлдү.
“Эми бардык тармактагы мамлекеттик кызматкерлердин маянасын ушул жылдын 1-августунан тарта көтөрөбүз деген пландарыбыз бар”, – деди ал.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көбөйтүү багытына өкмөт 9,6 миллиард сом даярдап жатканын айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом