Чуңкурчакта жапайы түлкүгө ок атышкан. Милиция 4 эркек кишини аныктадыСаламаттык сактоо министрлиги жана ДСУ Кыргызстандын алыскы аймактарында санариптик медицинаны кеңейтүүнү макулдашты«Кыргызнефтегаздагы» коррупция: Шайырбек Ташиев 16-майга чейин тергөө абагына киргизилди3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулашты
Акжол Махмудов Улуттук олимпиада комитетинин спортчулар комиссиясынын төрагасы болду
02.07.2022 | 09:47
1-июлда Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин кеңсесинде спортчулардан түзүлгөн комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү.
Комиссия ушул жылдын май айында түзүлүп, анын курамына 5 спортчу кирген.
Биринчи отурумда комиссиянын төрагасы жана анын орун басары шайланды. Төрага болуп грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудова, орун басарлыгына Каныкей Кубанычбекова (атуу) шайланды.
Комиссиянын курамына Максим Гордеев (тоо лыжасы), Денис Петрашов (сүзүү) жана Нурсултан Кеңешбеков (жеңил атлетика) кирди.
Комиссиянын эки мүчөсү УОКтун жалпы чогулуштарына добуш берүү укугу менен катышат, бирөө аткаруу комитетине кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт