Жумасына 2 жолу учат: Алматыдан Ысык-Көлгө аба каттам ачылды

Жумасына 2 жолу учат: Алматыдан Ысык-Көлгө аба каттам ачылды

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 1-июлда Алматыдан (Казакстан) биринчи каттамды кабыл алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, SCAT авиакомпаниясы Алматы — Тамчы — Алматы багыты боюнча авиакаттамдарды жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат.

«Жумасына 4 каттамга чейин көбөйтүү пландалууда. Учуу убактысы 40 мүнөт», — деп айтылат маалыматта.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>