Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Билет алып берем деп, жарандарды 15 млн сомго алдаган. Лейлекте шектүү жаран кармалды
12.03.2026 | 13:29

Лейлек районунда авиабилет алып берүү шылтоосу менен жарандарды алдап жүргөн 25 жаштагы А.Х. кармалды.
Баткен облустук милициясынын маалыматында, шектүү Раззаков шаарындагы авиакассалардын биринде иштеп жүрүп, жарандардын ишенимине кирип, авиабилет алып берем деп акча каражаттарын өзүнүн банктык картасына котортуп алып жүргөн. Бул боюнча милицияга 13 жаран арыз менен кайрылып, келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы болжол менен 1,5 млн сомду түзгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү Раззаков шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар