Бишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулатКытай 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болду
Кытай Кыргызстан менен онлайн соода жүгүртүүнү басаңдатты
05.07.2022 | 19:51
Кыргызстан-Кытай онлайн товар жүгүртүү солгундады. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда бийлик утур-утур алмаша бергендиктен Кытай Кыргызстан менен онлайн соода жүгүртүүсүн басаңдатты. Түз эле Казакстан жана башка өлкөлөр менен иштеше баштады.
Ошондой эле ал учурда онлайн, электрондук жүгүртүүнү жандатуунун үстүндө иштеп жатканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика