Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Кыргызстанда азык-түлүк тартыштыгы болбойт
05.07.2022 | 22:16
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан журналисттер менен блогерлердин жолугушуусунда журналисттин суроосуна жооп берип жатып өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы болбостугун билдирди.
“Буюрса азык-түлүк тартыштыгы болбойт. Мамлекет туруштук берет. Колунда жок катмарлар азык-түлүктү сатып алгыдай деңгээлге түшүрүп, камсыз кылышыбыз керек эле. Биз буга аракет кылып жатабыз. Мамрезерв фондуну кеңейттик. Быйыл дагы биздин фермерлерден буудай сатып алууга даярбыз. Орусия менен индикативдик план менен иштөөгө өттүк. Өсүмдүк майын 80-90 пайызын чет өлкөлөрдөн алып келебиз. Буудайды 600-700 миң тоннага чейин алып келчү элек. Азыр ушунун үстүндө иштеп, камсыз кылууга даярбыз. Кабатыр болууга негиз жок”-деди Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика