Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Токмокто өспүрүм кыз көп кабаттуу үйдөн боюн таштады
06.07.2022 | 11:17
Токмок шаарында 14 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн боюн таштады. Бул тууралуу маалыматты Чүй облустук милициясынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, милицияга толук курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйдөн өспүрүм кыз кулаганы боюнча маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери 14 жаштагы Б.А., аттуу кыздын денесин табышкан. Ал алган жараатынан улам ошол жерде каза болгон.
Учурда милиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом