Ошто бир нече ирет соттолгон кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ошто бир нече ирет соттолгон кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ош шаарында оор беренелер менен бир канча жолу соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына шаар тургуну арыз менен кайрылып, 5-июль күнү Ош шаарында  белгисиз атуул коркутуп, жанындагы 300 АКШ долларын жана 60000 сомун ачык түрдө тартып алганын билдирген.

Бул факты Ош ШИИБде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) белгилери менен катталып, шектүүнү кармоо боюнча атайын иш-чаралар уюштурулган.

Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, бул кылмышка шектүү катары ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу тобунун  активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, мурда Россияда бир нече жолу оор беренелер менен соттолгон жана  Кыргызстанда дагы бир нече жолу соттолгон  Ош шаарынын 1983-жылы туулган Э.А., аттуу тургуну кармалды.

Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Шектүү Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>