Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Жүрөктү титиреткен жол кырсыктын видеосу тарады
08.07.2022 | 23:44
Бүгүн, 8-июль күнү саат 8:30дар чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолундагы эс алуу жайына бурулган жерде жол кырсык катталды. Видео https://t.me/ertaiiskakov Телеграм каналына жарыяланды.
Андагы видеолорго үңүлсөк, жүргүнчүсүн түшүрүп жаткан Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Nissan X-Trail бир капталын кабыштыра сүзгөн.
Жол көзөмөлдө кызматынын маалыматына караганда, кырсыктан кесепетинен эки автоунаанын тең айдоочусу менен бирге бир жүргүнчү Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилген. Nissan X-Trail унаасынын айдоочусунун көзү илинип кеткен.
Ушул тапта тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар