Кримтөбөл Дөө-Чыңгызды кармоо үчүн «Альфа» артынан жүрөт

Кримтөбөл Дөө-Чыңгызды кармоо үчүн «Альфа» артынан жүрөт

Дөө-Чыңгыз деген каймана ат менен белгилүү болгон кримавторитет Чыңгыз Жумагуловдун унаасын кармоо операциясы учурунда “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлери атып кетишкен. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына өздүк булактар ​​билдирди.

Белгилүү болгондой, Чынгыз-Дөө Карагул Акмат көчөсү (7-Апрель көчөсүнүн уландысы) “Панорама” багытында кечки саат 18:00гө жакындап баратып, ал адамдары менен спецназга каршылык көрсөткөн. Ок атышуу болуп, Чыңгыз Жумагулов өзүнүн Mercedes-Benz G-class (Гелендваген) үлгүсүндөгү унаасы менен качып кеткен.

Атайын бөлүктүн кызматкерлери кримавторитеттин унаасын атышкан, бирок булактын айтымында, унаа брондолгон.

Андан соң Чыңгыз Жумагулов шериктери менен учурда өзүнүн кичи мекени Ичке-Суу айылын көздөй бет алган. Аны кармоо операциясы уланууда.

Кримтөбөл Дөө-Чыңгыздын унаасы Бишкекте аткыланды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>