Кыргызстан БУУнун өлүм жазасын жоюу жөнүндөгү протоколуна кошуулууну артка кайтарууну кароодоБишкек мэри Яндекс GO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Эмне талкууланды?Президенттин атынан жаш балбандарга сыйлыктар тапшырылдыЧүй облусунда жаран баңгизат сатууга шектелип кармалдыБишкекте фура жолтандабас менен кагышып, 10 жаштагы баланы сүзүп кеттиПрезиденттин карындашынын колун сураган жигит менен иниси боюнча сот иши жыйынтыкталды
COVID-19: Алматыда кайрадан беткап режими киргизилди
13.07.2022 | 09:12
Алматы акимчилиги шаарда COVID-19 жуктургандар көбөйгөнүнө байланыштуу жабык жайлар менен коомдук траспорттордо милдеттүү түрдө беткап режими киргизилгенин билдирди.
Мындан тышкары коронавирус аныкталган адам менен байланышта болгондордун жакындарын, ошондой эле ден соолугуна байланыштуу эмдөөдөн өтө албагандарды жана кош бойлуу аялдарды аралыктан иштөөгө өткөрүү талабы кирди.
Ошондой эле 10дон ашык киши катыша турган жыйындарды онлайн-форматта өткөрүү сунушу айтылды.
Акыркы бир сутканын ичинде Казакстанда COVID-19 жуктурган жаңы 482 учур катталды. Алардын 123чү Нур-Султан, 205и Алматы шаарында аныкталды.
Бүгүнкү күндө коронавирустун жайылуу темпи боюнча Алматы шаары “сары”, калган шаарлар менен аймактар “жашыл” зонада.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар