Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Ысык-Атада 10 гектар эгин талаа күйүп кетти (видео)
19.07.2022 | 21:48
Бүгүн, 19-июль күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунда “Элдан Аталык” ЖЧК тиешелүү 20 гектар эгин талаанын 10 гектары күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, маалымат саат 18:16да келип түшкөн. Жерине Ысык-Ата райондук, Кант жана Бишкек шаардык ӨКБдан жалпы 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 18:28де чектөөгө алынып, толук 18:46да өчүрүлдү.
Өрт эгинди чабуу иши жүрүп жатканда чыккан. Жалпы 20 гектар жердин калган 10 гектарын чабып алууга үлгүрүшкөн.
Кырсыктан жабыркагандар жок, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар