Чек арадан мыйзамсыз дары-дармек ташып келе жаткан унаа кармалды

Чек арадан мыйзамсыз дары-дармек ташып келе жаткан унаа кармалды

Кыргызстандын аймагына кире беришинен дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк ташып бара жаткан унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргызстандын аймагында аткезчиликти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Чек ара кызматы менен биргеликте Кыргызстандын аймагына кире беришинен Кыргызстандын К.К. аттуу жаранынын башкаруусундагы КРОН аталган чиркегичи менен “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалды.

Транспорттук кароодон өткөрүү линиясында К.К. аттуу жаран “тиричилик буюмдары” үчүн CMR документтерин көрсөткөн. Бирок жогоруда аталган унааны дыкаат текшерүү учурунда эски буюмдардын артына катылган дары-дармектердин жүктөрү табылган.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>