Таш-Көмүрдө 1 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды

Таш-Көмүрдө 1 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды

Таш-Көмүр шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан жапайы кара куурайды жок кылуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери шаар аймагында өскөн 1 тоннага жакын кара куурайды оруп, өрттөп, жок кылышты.

Мындан сырткары жергиликтүү тургундар арасында баңгизаттарына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жарандарга кылмыштуулуктан жана баңгизат колдонуудан алыс болуу зарылдыгы эскертилди. Ата-энелерге жаш өспүрүмдөрдү тыкыр көзөмөлдөө, терс көрүнүштөргө күбө болсо милицияга билдирүү керектиги жеткирилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: таш көмүр

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>