IV Бишкек эл аралык кинофестивалына тасмаларды кабыл алуу башталдыАк илбирстин эл аралык күнү: Кыргызстан сунуштаган майрам дүйнөдө алгач белгиленди – Садыр ЖапаровБишкекте мектептердин жанындагы 18 соода күркөсү бузуулуудаБир ай мурун эркек кишини сабап кетишкен. Новопокровкада эки шектүү кармалдыБаткен облусундагы Жаңы Достук айылына тургундар көчүп келүүдөАгартуу министрлигинде мектептерге француз тили сабагын киргизүү мүмкүнчүлүгү каралды
Баткенде контрабандалык 1 млн сомдук кеңсе товарлары кармалды
21.07.2022 | 18:01
Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген 1 млн сомдук кеңсе товарлары кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, «Төрт-Гүл» мобилдик постунда Н.Б.Н аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
Унааны текшерүү учурунда Беларуста өндүрүлгөн жазуусу менен 150 миң даана дептер табылган. Товардын жалпы салмагы 4100 кг, ал эми орточо базар баасы 1 млн 50 миң сомду түзгөн.
Жүк Кыргызстандын аймагында андан ары сатуу үчүн бажыга байланыштуу ташуу документтери жок болгон.
Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте андан ары кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом