Кечээ, 23-июлда Ош жана Баткен облусунан келген 188 бала Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборуна эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериева эс алууга жөнөп жаткан балдарды узатып жатып, көңүлдүү эс алуу жана ак жол каалап, коопсуздук эрежелерин так сактоо керектигин эскертти.
Андан сырткары: «Жогоруда аталган лагерди калыбына келтирүүдө балдардын эс алуусуна жана ден соолук чыңдоосуна мүмкүнчүлүк түзүүдө Алымкадыр Бейшеналиевдин салымы чоң», — деп белгиледи Н.Шериева.
«Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборуна ден соолугунда көйгөйү бар балдар дарыгердин жолдомосу аркылуу, ал эми ден соолукту чыңдоо лагерине калктын аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу тизмеге киргизилет.