Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду
27.07.2022 | 23:52
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:52де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Аксы районунун Тегирмен-Сай, Товар-Сай, Жылгын, Коргон, Авлетим, Мукур, Кызыл-Капчыгай, Кашка-Суу, Аркыт айылдарында 4 балл, Ак-Дөбө, Жаңы-Жол, Кой-Таш, Кара-Жыгач, Чарбак, Жүзүмкан, Кызыл-Көл айылдарында жана Кербен шаарында 3 балл сезилген.
Ал эми Таш-Көмүр шаарында жана Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар