Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Чукул билдирүү: 28-июлда адаттан тыш ысык сакталат
28.07.2022 | 00:09
28-июль күнү кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 36…41°, Талас өрөөнүндө 34…39°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө 37…42º, тоо этектеринде 34…39°, Суусамыр өрөөнүндө 27…32º, Ысык-Көл ойдуңунда 29…34°, Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 24…29°, бийик тоолордо 14…19° жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.
Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар