Тебетей жана саат: Полковник Б.Имангазиевди пенсияга узатышты

Тебетей жана саат: Полковник Б.Имангазиевди пенсияга узатышты

Жазаларды аткаруу кызматынын кадрлар башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Имангазиев Болоткан Асанович салтанаттуу түрдө эс алууга узатылды. Бул тууралуу ЖАКтын басма сөз кызматы билдирди.

Болоткан Асанович 1967-жылы Чүй районунун Маевка айылында туулган. 1988-жылы Крымдагы Симферополь жогорку аскердик курулуш окуу жайын бүтүргөн, андан кийин Киевде аскер бөлүктөрүнүн биринде техникалык рота командиринин орун басары болуп кызмат кылган.

Кыргызстанга кайтып келгенден кийин ИИМдин кадр кызматында, ар кайсы участоктордо, анын ичинде Ош, Бишкек шаарларындагы бөлүмдөрүндө жана башка жерлерде иштеп, кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча баалуу тажрыйбага ээ болгон. 1997-жылы Кыргызстанда ИИМдин Жогорку мектебин аяктаган.

Болоткан Асанович 2019-жылдын февраль айында кадр системасында иштей баштаган, кыска мөөнөттүн ичинде кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ болду. Ал күч түзүмдөрүндө 40 жылдай эмгектенди.

ЖАКнын төрагасы, милициянын генерал-майору Аскат Эгембердиев эс алууга чыгып жаткан Болоткан Имангазиевди «Ардагер» медалы жана баалуу белектер менен сыйлады.

Ал эми ЖАКтын Кайтаруу жана күзөтүү департаметнин командалыгы департаменттин 80 жылдыгынын урматындагы медалы мнен сыйлады.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>