Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууну жана унааларды каттоону күчөтүү сунушталууда10 айда мамлекеттик карызды тейлөөгө 73,9 млрд сом жумшалдыДен соолугуна зыян келтирүүгө айыпталган жаран Испаниядан Кыргызстанга экстрадицияландыЖыл башынан бери Кыргызстанда 62 мектеп курулуп, пайдаланууга берилдиКыргызстанда балдарга энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу сунушталууда. Айып пул — 55 миң сомго чейинКара-Балта шаарына жаңы мэр дайындалды
Токмоктогу айланма жолдо кичи автобус кырсыкка учурады
28.07.2022 | 17:32
Токмоктун жанындагы айланма жолдо Нарын-Бишкек каттамы менен бара жаткан “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү кичи автобус кырсыкка учурады. Бул Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Унаанын арткы оң дөңгөлөгү жарылып, тайгаланып, сол капталына оодарылып кеткен. Ичинде айдоочу жана 11 жүргүнчү болгон», – деп билдирди Чүй облустук милициясынан.
Алдын ала маалыматтарга караганда, эки жүргүнчү медициналык жардамга муктаж болуп, алар Токмок ооруканасына жеткирилген.
Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом