“Ош ТВ” телерадиокомпаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун 100% мамлекеттин үлүшү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.
Маалым болгондой, аталган чечим шаардын көйгөйлөрүн, муниципалдык кызматтардын ишин, карапайым шаардыктардын турмушун чагылдыруучу телеканал катары “Ош ТВ” телерадиокомпаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомун мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык соттун 2011-жылдын 28-октябрындагы чечимине ылайык “Ош ТВ” телерадиокомпаниясы жоопкерчилиги чектелген коому мамлекеттин пайдасына конфискацияланган.
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду мындан ары телерадиокомпаниянын ыйгарым укуктуу жалгыз уюмдаштыруучусу болуп саналат.