Сүт өндүргөн смарт-фермалар Кыргызстанда пайда болушу мүмкүн«Ош Ситинин» кардарлары тынчсызданбай эле койсо болот – президенттин администрациясыАлтынчы кайрымдуулук марафону Snow Leopard Run өзү менен эмне алып келет? Ирандыктар ишкердин таттууларды саткан дүкөнүн тартып алууда. Анын өнөктөшү Шымкенттеги СИЗОдо мыйзамсыз камалып жататБалыкчыда ЖККУнун «Рубеж-2025» машыгуулары өтүүдөЫсык-Көлдө Toyota RAV4 казылган аңга түшүп кетти
Ысык-Көл: Туз көлгө баруучу жол тазаланды
31.07.2022 | 09:38
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен саат 13:00 чамасында кокту-колоттордон келген сел Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айлына жакын жайгашкан Туз-Көлгө баруучу ички чарбалык жолду каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жеринде тазалоо иш-чараларын жүргүзүүгө Тоң райондук №38 Өрткө каршы бөлүктөн 5 куткаруучу жана Кыргызстандын жол куруучулар ассоциациясынан 1 жүктөгүч тартылып, унаа жол толугу менен тазаланып, тыгылып калган унааны чыгарып беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом