Шакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен баратСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт
Ноокен районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери дүйнөдөн кайтты
09.02.2026 | 16:29
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери Ормон Дададжанов 99 жашында дүйнө салды. Ардагер 1945-жылдын мартынан 1950-жылдын апрелине чейин №26 кавалериялык полктун №1249 аскер бөлүгүндө кавалерист болуп кызмат өтөгөн. Аскерден кайтып келгенден кийин, 1950-1980-жылдары Масы айылында ширетүүчү (сварщик) болуп эмгектенген.
Ормон Дададжанов артында чоң үй-бүлө калтырды: анын бир уулу, алты кызы, 28 небереси жана 37 чөбөрөсү бар.
Анын дүйнөдөн кайтышы менен Жалал-Абад облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун эки гана ардагери калды: Базар-Коргон районунан 100 жаштагы Мурза Далиев жана Сузак районунан 101 жаштагы Мамасалы Жумаев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом