АКШ Тайванга 11 миллиард долларга курал-жарак жеткиретОрусия менен АКШнын сүйлөшүүлөрү алдыдагы дем алышта Майамиде өтөрү айтылуудаКыргызстан Орусиядан эмне сатып алат. Орус экспорт борборунун маалыматтарыБишкек занял 54-е место по уровню загрязнения воздухаСадыр Жапаров «Борбордук Азия + Жапония» саммитине катышуу үчүн Токиого бардыОрусиянын тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы талкууланды
Быйыл 7 айда 85,9 млрд сом салык жыйналды
02.08.2022 | 11:15
Быйылкы 7 айда мамлекеттик бюджетке 85 млрд 988,9 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Белгиленген план 1 млрд 349,4 млн сомго ашыгы менен аткарылган.
2021-жылдын 7 айына салыштырмалуу салыктар 30 млрд 442,1 млн сомго көп жыйналган.
“Салык боюнча планды ашыкча аткарууга салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг иштеринин аркасында мүмкүн болду. Ошондой эле, “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоору, анын ичинде электрондук эсеп-фактура, контролдук-кассалык машина, ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу боюнча “Жыйынды пост” системасы ж.б. ишке киргизилиши да оң таасирин тийгизүүдө”, – деп билдирет Салык кызматы.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом