Кыргызстандык жеңил атлетчи боюнча улутук курама команданын мүчөсү Дарья Маслова 2020-жылда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы маалымдады.
Маслова 2019-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык, жеңил атлетика боюнча Испания шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафонго катышты.
«Маслова 2 саат 28 мүнөт 19 секунд убакытта марага жеткен. Марафонго олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзөт. Спортчунун убактысы Токиодогу олимпиадалык оюндарына лицензиянын нормативин аткарууга мүмкүнчүлүк түздү», — деп жазылат маалыматта.
Дарья Маслова Спорттун олимпиалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды. Дирекциянын бюджетинен 105 миң сом каралган.