Кыргызстанда 2025-жылы соода жүгүртүү 2,2 триллион сомдон аштыБаткен облусунда ата-энесинен ажыраган 13 бала жер тилкесин алды«Кесипти эмне кыласың, баары бир турмушка чыгасың»: бир ооз сөз келечекти кантип уурдайтУКМК бажы кызматкерин кармады: жарык берүүчү мамылар металл сыныгы катары катталганКыргызстанда көмүрдүн баасын кармап туруу үчүн дизелдик күйүүчү май ташууну субсидиялоо сунушталуудаКыргызстанда балдар мекемелеринин жанында кооптуу товарларды саткандарга 65 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталууда
Мектепке электрондук каттоонун 2-этабы: Министрлик системадагы техникалык маселер боюнча түшүндүрмө берди
02.06.2025 | 14:15
Бүгүн, 2-июнда республиканын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына 1 – 2-класстарга балдарды электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Министрлик, 2-этапта бош орундарга балдарын каттагысы келген ата-энелердин саны өтө көп болуп, баары бир убакта системага киргендиктен системанын иштөөсүндө техникалык маселелер жаралганын билдирди.
“Ушул тапта система штаттык режимде иштеп, ата-энелер балдарын мектепке электрондук каттоону өз алдынча жүзөгө ашырып жатышат.
Техникалык маселелерге байланыштуу жаралган абалды туура түшүнүүгө чакырабыз”,- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, каттоонун 2-этабы 31-августта аяктайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом