Ташкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алдыМамлекетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилген. Кочкордо айыл аймактын мурдагы башчысы кармалдыКыргызстанда унааны онлайн каттоого болот — жарлыкка кол коюлдуКытай Кыргызстандан тамак-аш азыктарын экспорттоочулар үчүн каттоонун жаңы тартибин киргизүүдөКРда айлык акыны жогорулатуу — 1-апрелден кимдердики жана 1-сентябрдан кимдердики көбөйтүлдү
Ислам тилектештиги оюндары: Махмудов алтын тагынды
13.08.2022 | 22:27
Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) алтын тагынды.
Биринчи кармашта Махмудов түркиялык, андан кийин жарым финалда өзбекстандык спортчуну жеңген.
Ал эми финалда Махмудов азербайжандык балбандан күчтүү болуп чыкты.
Алдыда Атабек Азисбеков коло үчүн күрөшөт.
Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандын капчыгында 6 алтын, 5 күмүш, 2 коло медаль бар.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт